Кыргызстандын суу ресурстары жана суу чарба инфраструктурасы
Кыргызстан – Борбордук Азиядагы суу ресурстары ɵзүнүн аймагында толугу менен калыптанган, гидрологиялык ɵзгɵчɵлүгү жана артыкчылыгы менен жападан жалгыз ɵлкɵ болуп саналат. Республика суу жана гидроэнергетика ресурстарына бай жана ал – анын негизги ресурстарынын бири.
Дарыялардын гидроэнегетикалык мүмкүнчүлүгү - 174 млрд.кВт.саат, ал эми кубаты - 19,8 млн.кВт түзɵт. 760 млрд. куб.м запасты түзгɵн 6580 мɵнгүнүн эсебинен Суу ресурстарынын кɵлɵмдɵрү топтолгон.
Кыргызстандын аймагында гидрологиялык аспектте эки облустка бɵлүнɵт – агымдын пайда болуу аймагы жана синип кетүү аймагы. Биринчи аймака 2000 метрден бийик жайгашкан тоолуу аймак, ал эми агымдын синип кетүү аймагы агымдын пайда болуу аймагынан тɵмɵн жайгашкан.
Суу балансында КРнын аймагындагы суу ресурстарынын пайда болуу кɵлɵмү пайдалануу кɵлɵмүнɵн ашууда, ошондуктан алар эл аралык мааниге ээ. Республикадагы суу пайдалануу түзүлүшү тɵмɵндɵгүдɵй: суу пайдалануунун 90% кɵлɵмү жер сугарууга, 6% кɵлɵмү ɵнɵр жайга, 3% кɵлɵмү калкты суу менен камсыз кылууга. Токой чарба, Балык ɵнɵр жайы жана башка чɵйрɵлɵргɵ суу пайдалануунун жалпы суммасынын 1%ин түзɵт.
Суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. метр кубга бааланат. Суу жеткирүүдɵгү (каналдар, сугат курулуштар аркылуу) жоготуулар 1.7-2.3 млрд. метр кубга чейин жетет. Республикадагы жаратылыштын шарттарына байланыштуу сугат жерлерди суу менен камсыз кылууда кɵбүнчɵсүн 800 мин га чейин же 76 % ин сугарган майда дарыялар камсыздайт. Тоолуу аймактардын агымдары жɵнгɵ салынган эмес, 80 мин га (11%) жер гана жɵнгɵ салынган булактар аркылуу, калгандары 720 мин га жер жɵнгɵ салынбаган агымдар аркылуу сугарылат.
Кыргыз Республикасында узундугу 10 кмди түзгɵн, ал эми жалпы узундугу 35 мин кмди түзгɵн 2000 дей дарыя саналат. Суу балансындагы кɵлдɵр, суу сактагычтар жана кɵлмɵлɵр суу-энергетикалык потенциалды жогорулатууда, айлана-чɵйрɵнү коргоодо, натыйжалуу суу балансын түзүүдɵ чон мааниге ээ. Суунун кɵлɵмүнүн кɵбү кɵлдɵрдɵ, кɵлмɵлɵрдɵ жана суу сактагычтарда топтолгон. Алардын жалпы кɵлɵмү 6836 кв. кмди түзɵт. Негизги кɵлдɵр дениз денгээлинен 3-4 мин метр бийиктикте жайгашкан.
Суу чарба жана мелиорация Департаментинин балансында узундугу 5786,7 км эл аралык чарбалык канал, 7659 даана гидротехникалык курулмалар, 3236 даана гидропосттор, 111 даана насостук станциялар, 1187,1 км узундуктагы коллектордук сарыктырма туйундор, 33 даана 1617,3 млн.м3 коломдогу суу сактагычтар, 50 даана бир күндүк ирээтке салуу бассейн, 10 даана декадалык ирээтке салуу бассейнди камтыган мамлекеттик ирригациялык фонд жайгашкан.