Департамент водного хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики
 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4 млн.сом каралып, 2019-жылдын 10-апрелине карата 162,2 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 178,4 млн.сомдук план-тапшырманын 91 % түздү.

- 352,7 км каналдар оңдолуп, план боюнча 385,7 км, же 91 %;

- 487,1 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 529,9 км же 92 %;

- 1013 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1131 же 90%;

- 1017 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1117 же 91%;

- 93 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 100, же 93%;

- 14 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15, же 93%;

Баардыгы болуп суу чарба курулуштарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 63 даана ар түрдүү экскаваторлор, 25 даана бульдозер, 29 даана тракторлор, 15 даана автокран, 94 даана автомашина, 28 даана фронталдык жүктөгүч жана 2094 адам иштеп жатат.

Суу чарба объектилерин 2019-жылдын вегетация мезгилине даярдоо план-графикке ылайык:

- Орто-Токой, Папан, Киров жана Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычтары, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча план- графигине ылайык сугат суу берүүгө даяр.

- Чүй жана Талас облустары боюнча 2019-жылдын 20-апрелине карата;

- Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча БСЧБнын башкармалыгы 2019-жылдын 1-майына карата бүткөрүлөт.

2019-жылдын сугат мезгилине ички чарбалык ирригациялык тармактарды даярдоого жергиликтүү бийлик органдары тарабынан пландар бекитилип берилди. Бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын абалы төмөнкүчө:

Ички чарбалык сугат тармактарынын жалпы узундугу 18 215 км түзөт, анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы – 7136 км, аткарылганы 5148,3 км же 72%.

-Каналдарды механикалык тазалоонун планы – 1824 км, аткарылганы – 1513,2 км же 83 %.

-Каналдарды оңдоодон өткөрүү план боюнча-480,3 км, аткарылганы -314,0 км же 65 %.

-Каналдарды кол күчү менен жана «Ашар» ыкмасы менен тазалоо планы – 4831,8 км, аткарылганы –3321,1 км же 69 %.

-Суу өлчөгүчтөрдүн саны 1105 даана болсо, анын ичинен оңдоло турганы план боюнча – 272 даана, аткарылганы – 167 даана же 61%.

-Гидротехникалык курулмалардын саны 19740 даана болсо, оңдоло турганы план боюнча – 3090 даана, аткарылганы – 2066 даана же 67 %.

СПАлардын каналдарын жана каналдарга тиешелүү болгон курулмаларын 2019-жылдын сугат мезгилине чейинки оңдоого жана тазалоого СПАлар тарабынан пландуу болжол боюнча 76 948 миң сом акча каражаты бекитилип, бүгүнкү күнгө өздөштүрүлүп, аткарылганы 44330,2 миӊ сом же 58%.

Баардыгы болуп ички чарбалык сугат тармактарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 230 даана ар түрдүү экскаваторлор, 113 даана тракторлор, 263 даана автомашина жана 13479 адам иштеп жатат.

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…