Ата Мекендик айыл-чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо маселеси – бүгүнкү күндөгү эң маанилүү жана орчундуу маселелердин катарында каралып келет. Бул маселенин сапаттуу жана толук кандуу жүзөгө ашырылышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен тыгыз байланышта экени талашсыз. Кыргызстандын азык-түлүк рыногун өлкөнүн өзүнөн өндүрүлгөн товарлары менен толтуруу үчүн мамлекет тарабынан бир катар кечиктирилгиз чаралар көрүлүп келүүдө. Биринчиден, мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылда дыйкан-фермерлерди колдоо үчүн буга чейин болуп көрбөгөн өлчөмдө каражат бөлүндү. 2021-жылга чейин жеңилдетилген насыяларга бюджет 2 миллиард сомдон ашпаган суммадагы каражат бөлүп келген, ал эми 2021-жылы ал каражаттардын көлөмү 5 миллиард сомду түзгөн эле.
Понедельник, 28 Февраль 2022 09:34
Айыл чарбасын колдоо
Published in
Жанылыктар
Latest from Пресс служба СВР
- Суу ресурстары кызматындагы 2026–2027-жылдарга Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча
- Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
- Суу ресурстары кызматынын борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
- Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында тартип орнотуу иштери уланууда
- Ысык-Ата районундагы Р-24 каналына бетон полотносу төшөлүп, сугат суу бериле баштады
Login to post comments
