Ирригация тармагынын сугат мезгилине даярдыгын текшерүү уланууда. Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери бул ирет Москва жана Аламүдүн райондорунда болушту. Аталган эки райондо деле ишти планга ылайык бүтүрүүнү убада кылышканы менен планга кирбеген, райондун балансында болбогон канал, арыктар көңүл сыртында калып жатканы көрүндү.