Версия для печати
Быйыл фермерлерге 6,2 млрд сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Үстүбүздөгү жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча фермерлерге 6,2 млрд сом насыя берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, насыя мамлекеттик "РСК" жана "Айыл банк" аркылуу 6%дык чен менен берилет. Былтыр аталган долбоордун алкагында насыялар 10%га чейин берилген.

“Насыя мурдагыдай эле кайра иштетүү, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы боюнча багыттарга берилет”,- деди Алишеров.

Ошондой эле ал быйыл министрлер кабинети тарабынан үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом, жер семирткичтерди сатып келүүгө жана ирригация тутумун оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 1 млрд сомдон каралганын белгиледи.

Прочитано 215 раз Последнее изменение Понедельник, 18 Апрель 2022 05:02
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…