Карыбеков: Сууга ысырап мамиле кризиске кептеди
Пятница, 22 Апрель 2022 08:25

Карыбеков: Сууга ысырап мамиле кризиске кептеди

 Кыргызстанда быйыл кар аз жаап, кыш жылуу болду. Былтыр Токтогул суу сактагычына суу аз чогулгандыктан өлкө энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Экологдор мөңгүлөрдүн бат эрип баратканын айтып коңгуроо какса, дыйкандар алдыдагы сугат мезгилине кабатыр.

Мындай татаал кырдаалда Кыргызстан кандай иш-аракеттерди жасашы керек? Үстү-үстүнө үйүлгөн тобокелдиктерди жоюунун жана көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдору бар?

"Азаттык" Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу-энергетикалык ресурстары маселелерин изилдөө боюнча коомдук институттун жетекчиси Эрнест Карыбеков менен маек курду.

- Быйылкы энергетикалык тартыштыктын бир нече себептери айтылып келет. Азыркы учурга карай Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 9 млрд. куб болууда. Жазгы жылуу күндөргө чейин дагы бир топ мезгил бар болгондуктан энергетиктер өзгөчө кооптонууда. Кырдаалды сиз кандай баалап жатасыз жана аны башкаруунун кандай жолдорун көрүп турасыз?

- Кыргызстандын Союз кезинде жакшы иштеп келаткан энергетика тармагы чачылып, жакшы башкарылбай, стратегиясы жок иштеп калды. Токтогул суу сактагычы өзүнүн көп жылдык жөнгө салуу регламенти бар суу сактагыч. Анын регламенти сакталбай, буга чейин 2007-2008-жылдары, кийин 2011-2014-жылдары суунун көлөмүн түшүрүп жиберишкен. Азыр үчүнчү жолу ушул окуя кайталанып жатат. Сууну толтуруу үчүн анын регламентин так сактоо керек. Бул жайында толуп, кышында түгөнгөндөй Тажикстандагы Нурек ГЭСи эмес. Жыл кургакчыл болобу, нымдуу болобу – суунун көлөмү жумушчу көлөмдө сакталып турушу абзел.

Ошол талапты сактабай, кубаттуулуктун баарын ар жакка таратып берип коюшкан. Майнинг фермалары көп ачылып, көмүскө иштешет. Бишкек, Ош шаарларындагы жаңы курулган имараттарды жылуулук борборлоруна туташтырбай, электр энергиясы менен жылытат. Башаламан болгондуктан кризиске учурап жатабыз.

Экинчиден, эгемен жылдардан бери кубаттуулук курулган эмес. "Камбар-Ата-2" бир агрегатына турбина коюлган, ал 120 МВт эле кубаттуулукту берет. Толук бүтүрсө, 360 МВт бериши керек эле, тилекке каршы, аны да курбай, мамлекеттин деңээлинде каралбай турган көп майда-чүйдө долбоорлорго алаксып атат.

Кичи ГЭСтерди курабыз дешет, алардын жалпы кубаттуулугу 1-1,5 млрд. КВт/саат болот. Бизге азыр 3 млрд. кВт/сааттан көп энергия жетпей жатат. Мамлекеттин коопсуздугун сакташ үчүн базалык электростанцияларды куруш керек.

Бизде “жашыл энергетика” аябай өнүккөн, электр энергиянын 90% суу менен иштеген электростанциялардан өндүрүлөт. Суудан тышкары, башка дагы базалык электр станцияларын куруу керек. Бул же Кара-Кечеге жылуулук электростанциясы же атомдук электростанция болот.

Атомдук электростанциянын айрым кемчиликтери бар. Биринчиден, Кыргызстан сейсмологиялык жактан кооптуу аймак. Экинчиден, аны куруп, иштетүү үчүн бизде кесипкөйлөр жок.

Кара-Кечеге 1200 мВТ кубаттуулуктагы жылуулук электростанциясын курса болот. Кубаттуулугу Токтогул ГЭСи менен бирдей. Анын Кыргызстанга пайдасы көп болмок.

Бишкек менен Ошто эки жылуулук станциябыз бар. Алар көмүр, мазут, газ сыяктуу импорттук энергоресурстарды алып келип, көбүнчө башкалардын экономикасына иштейт. Биздин өзүбүздүн көмүрүбүз бар болгондуктан, ушул жерге жылуулук электр станциясын куруп, Токтогул каскады менен чогуу иштегенде азыр өзүбүздүн жылуулук электростанцияны пайдаланып, Токтогулдагы сууну көбүрөөк чогултмакпыз.

Азыр 90% энергияны Токтогул ГЭСинен колдонуп, суу жөн эле ысырап болуп кетип жатат. Азыр сугат мезгили эмес. Бизден аккан суу Аралга жетпей эле коңшу мамлекеттердин суу сактагычтарына топтолуп же жерге сиңип жатат. Борбор Азия аймагында суу-энергетика ресурстары көп жылдан бери туура эмес эксплуатация болуп жатат. Анткени, суу акысыз. Коңшу мамлекеттерде суунун баасы бар, бизде жок. Ошондуктан биз дагы суунун баасын коюшубуз керек.

Энергетика тармагын менчиктештирүү жана жеке колго берүү деген мурдагы программалардан чыгып, тогузга бөлүнүп кеткен ишканаларды бириктирип, улутташтарышыбыз керек.

Кара-Кече менен Токтогул каскадын чогуу иштетип, мамлекеттик тармактарды бириктирсек, анда Кыргызстанды бүт электр энергиясына өткөрсөк болот. Жылуулугун дагы, тамак-аш, ысык суусун дагы. Мындай болгондо Бишкек менен Оштогу ЖЭБдерди консервациялап, иштетпей койсок болот. Шаарлардагы экология маселеси да чечилет.

- Экологдор көмүр жагуудан улам экология жабыркап жатат деп билдиришүүдө. Кара-Кечеге жылуулук электр станциясын куруунун экологияга таасири кандай?

- Мен ушул долбоордун демилгечисимин. 2006-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Биз энергетиктер, экономисттер жана экологдор ошол токтомду даярдаганбыз. Экология жагын азыркы экология министри Динара Кутманова жактаган. Алар экологиялык тобокелдиктердин бүт баарын эсептеп, Бишкек ЖЭБи сыяктуу эски технология боюнча курулса да экологияга терс таасири болбойт деген корутунду чыгарышкан. Мен экологиялык маселелерди мындай системалык түрдө чече турган башка жолдорду көрбөй турам. Анткени, эки жылуулук станциянын ордуна бирөө эле иштейт. Экинчиден, өлкөнү бүтүндөй электр энергиясы менен камсыздасак, эл көмүр жакпай калат.

- Казакстандын расмий бийлик өкүлдөрү Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлинин өтө төмөн түшүп баратышына кабатырлануусун билдирип жатат. Быйылкы энергетикалык кризистен улам ГЭСтин суусу кызыл чекке чейин түшүп кетсе, анда жазында коңшу өлкөлөрдүн сугат иштеринде да тартыштыктар жаралышы аларды кооптондуруп жатат. Сиздин божомолуңуз бул жаатта кандай болууда?

- Тилекке каршы, ушундай болуп жатат. Энергетиктер кышкы жылытуу мезгилинен 7 млрд. куб тегерегиндеги суу менен чыкканы жатышат. Кыштан чыгаар менен 1-апрелден баштап коңшу мамлекеттерден көп көлөмдө электр энергиясын алыш керек. Дагы да болсо 3-4 жылга карыз алып, суунун көлөмүн толтуруш керек болот. Сууну биз бербей токтотуп коё албайбыз. Андыктан жайкы мезгилде бөлүшүп, коңшуларга бериш керек. Сууну бергенге аргасыз болобуз, бирок аны бериш үчүн алар бизге электр энергиясын берип, “сууңарды толтургула” деген кадамга барышат. Башка айла жок. Ошону сатып албай, алмашуу жолу менен жасаш керек. Сатып алсак биз энергетикага, экономикага көп чыгым болобуз.

Андан тышкары, жай-күз айларында өчүрүүлөр болуш керек. Мен эки жыл мурун да “чектөө киргизгиле, болбосо суунун көлөмү түшүп кетет” деп айтып келгем. Президентке “өчүрбөйбүз” деп сөз берип коюп, суунун көлөмүн кызыл чекке алып келишти.

- Ал өчүрүүлөрдүн таасири кандай болот? Андан канчалык энергияны үнөмдөйбүз, экономикалык таасирлери кандай болот?

- Башка айла жок да. Албетте, өчүрбөсөк жакшы болмок. Көмүскө иштеген майнинг фермалардын баарын таап, өчүрүш керек. Экономикага терс таасири болот, бирок башка жолу жок. Анткени бул энергетика тармагынын эле көйгөйү эмес, улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе болуп жатат да. Токтогул ГЭСи токтоп калса, анда мамлекетте эч нерсе иштебей калат. Ушундай абалга алып келип коюшпадыбы.

Бизде бирөө дагы жоопкерчиликке тартылбайт. 2017-жылы Токтогулда суу толтура болчу. Аны Өзбекстан, Казакстанга жөн эле сатышты да. Анын үстүнө мамлекеттик системага майнинг фермаларды да киргизип салышкан. Ага уруксат бербей, токтотуш керек болчу. Бул жакта уруксат берип атышат.

Бир туруп бирөөнү баштайбыз, кайра туруп башкасын баштайбыз. Мына, азыр мамлекеттин ичинде бир дагы өндүрүштү курганга болбойт. Анткени, кубаттуулук жок. Шаар салышабы же дагы башка бир нерсе курушабы – кубаттуулук бере алышпайт. Болгон кубаттуулуктун баарын таратып ийишкен. Бизде “15,5 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөбүз” деп кыйын боло берген болбойт да. Коңшу мамлекеттер 200 млрд. кВт/саатка баратышат. Салыштырып көрсөңөр.

- Климат барган сайын өзгөрүп атат. Өзүбүз күбө болуп жаткандай быйылкы кыш өзгөчө кургакчыл жана жылуу болду. Бул фактордун келаткан сугат жана жылытуу мезгилине таасири кандай болушу мүмкүн?

- Терс таасири болот. Анткени, тоодо, Нарында кар жок. Суунун баары ошол жактан келип, Токтогул суу сактагычы ошондон толот. Чүйдө кар бир аз жааган менен, быйыл негизи кар аз болду. Жайында дыйкандарга суунун жетишпестиги жаралышы мүмкүн. Анүчүн эмне кылыш керек? Электр энергиясы чыккан да, чыкпаган да суу сактагычтардын баарын бириктирип туруп, Суу ишканасын түзүп, сууга бааны коюш керек. Суу ишканасын мамлекеттик мекеме кылып, суунун баасын койсок Казакстан бизден сууну жөн эле ала бербей калат, анткени аны сатабыз. Суу бизде кекиртектен, бирок ошону жакшылап буруп, башкарышыбыз керек.

- Сууну көп деп жатасыз. Чындыгында Кыргызстанда суу мол. Бирок аптаптын улам күчөп баратышынан улам кыргыз тоолорундагы мөңгүлөр бат эрип кетип жатат. Окумуштуулар Кыргызстандын дарыяларындагы суу агымынын тартылып баратышын жана мындай тенденция барган сайын күчөшүн божомолдошот. Сиздин баамыңызда Кыргызстандагы суу көйгөйүн жеңилдетүүнүн кандай жолдору бар?

- Суу көйгөйү убактылуу нерсе. “Дүйнөдө адамзаттын сууга таасири бар” деп айтып калат. Таасири жок. Мындай нерселер болуп келген жана боло берет. Бирок таасири болгонго жараша аны жөнгө салып туруу керек. Токтогулду алсак, суунун көлөмү аз болобу, көп болобу – ГЭС жумушчу көлөмдө турушу керек. Аны мыйзамдык негизде бекитиш керек. Анан, Орто-Токой сыяктуу суу сактагычтарды жана каналдарды куруп сугатка иштетишибиз керек. Мындан тышкары, суу – бул баалуулук, анын баасын чыгарып, сатуу керек. Ошондо аны ченеп колдонуп калышат.

- Экологдор “2040-50-жылдарга карай Кыргызстандагы мөңгүлөр кескин азайып, дарыялардын агымы тартылып кетет” деп коңгуроо кагып жатышат. Андай болгондо дарыяларга курган электр станцияларыбыздын иштеши кандай болуп калат?

- Суроону туура коюп жатасыз. Ошон үчүн башка альтернативдүү электр станцияларын курушубуз керек деп айтып келем. Жылуулук электростанциябы же атомдук электростанция болобу курушубуз керек. Мына, азыр Франция, Жапония, Орусия сыяктуу сегиз мамлекет 20 жылдан бери термо ядердик электростанцияны курууну изилдеп атат. Аны курса коопсуз болот. Ал Чернобыл атомдук электростанциясындай болуп жарылбайт. Кокустан жарылып же иштен чыкса, анда бардык радиациясы космоско сиңип кетет. Бул бир. Экинчиден, водороддук энергетика деп коёт. Бизде суубуз, арзан энергетикабыз бар. Ошондой комбинаттарды куруп, водород чыгарсак болот.

- Өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин энергетика тармагын башкаруу жаатындагы реформалык иш-аракеттерин кандай баалап жатасыз? Көңүлүңүз толуп турабы?

- Жок, көңүлүм толбойт. Антени, булар жеңил-желпи айтылган сөздөргө ишенип атат. Андай болбойт! Бул жеке менчик фирма же үй-бүлө эмес. Бул мамлекет. Мамлекетте жалпы стратегияны жүргүзгөн министрлик болуп, ал бүт баарын эсептеп чыгышы керек.

Президенттин шайланганына бир жыл болду. Энергетикадагы ортомчуларды алып салам деди эле. Бардык министрлерине “ортомчуларды ал” деп тапшырмаларды берип атат. Өткөндө Коопсуздук кеңешинде да сөгүш жарыялап жатты. Бир ортомчу жоголдубу? Жок! Бул деген саботаж. Баш ийишеби же ийишпейби? Үстүртөн эле жарым-жартылай реформа жасамыш болуп коюп, кардиналдуу, түпкүлүктүү реформаларды жасабай атат. Бул натыйжа бербейт.

Ошондуктан стратегия деп айтып атам. Экономика министрлиги стратегияны аныктап, Финансы министрлиги ал айткан жакка каржыны жөнөтүп турушу керек. Бизде болсо көп жылдан бери тескерисинче болуп келет. Стратегияны Финансы министрлиги жасап, “бизде мынча акча бар, тиякка жиберебиз, бул жакка жиберебиз” деп күнүмдүк тактика менен алек болуп калышкан.

Автор КУБАТБЕК АЙБАШОВ

 

Read 291 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…