Таш-Көмүр РЭТинин башчысынын билдирүүсүн эске алып,төмөндөгүдөй тастыктама беребиз.
«Жалалабатэлектро» ААКнун берилген табыштамасынын негизинде Таш-Көмүр РЭТи төмөндөгүлөрдү билдирет: төмөндөгү көмөк чордондордо пландык оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу 09:00дөн 17:00гө чейин Үч-Коргон көмөк чордонунда 2022-жылдын 13-апрелинде, Жел-Тийбес-2 чордонунда 14-апрелде жана Жел-Тийбес-1 чордонунда 15-апрелде электрэнергиясын берүү убактылуу токтулган.
Ал эми Шамалды-Сай көмөк чордонунда “Жалалабат жогорку чыңалуу” ишканасынын табыштамасын негизинде 2022-жылдын 13-апрелинде Т-1 жана Т-2 чыңалууларына которуу иштери жүргүзүлгөн".
2022-жылдын 13-апрелинен 15-апрелге чейин саат 9:00дөн 17:00гө чейин электрэнергиясы үзгүлтүккө учураганга байланыштуу, көрсөтүлгөн убакыт чамасында сугат суусу берилген эмес, бирок 17:00дөн 10:00гө чейин сугат суусу берилген, ошондуктан маекте , дыйкан сууну үзгүлтүк менен алганын айтып кеткен, ал эми тийешелүү иштер аткарылгандан соң 17- апрелден тарта сугат сууну бардык дыйкандар ала баштаган. Биринчи кезекте министрлик дыйкан Мирбек Абышев менен байланышып, көйгөй жеринен чечилди.
Азыркы учурда дыйкандардын сугат суусуна болгон керектөөсүн эске алып, толкундоолорду болтурбоо негизинде ар бир аймак мерчемдин алкагында үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз болот.
Среда, 11 Май 2022 12:35
Таш-Көмүр РЭТинин башчысынын билдирүүсүн эске алып,төмөндөгүдөй тастыктама беребиз. «Жалалабатэлектро»
Published in
Жанылыктар
Login to post comments