Республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө
Четверг, 12 Май 2022 12:33

Республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка 176,3 км каналдардын оӊдоо, 77,4 км каналдардын бетондоо, 712,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулмалардын, 340 суу өлчөөчү посттордун, 105 насостук станциянын, анын ичинде 236 насостук агрегаты оӊдоо, 72 насостук агрегатын жаӊылоо, 28 скважинанын оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.
Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бѳлүмдѳргѳ, анын ичинде 7 Башкы жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына, 4 Суу сактагычтар башкармалыктарына республикалык бюджеттен «капиталдык оӊдоолор» беренеси боюнчаянварь айында 162,4 млн.сом, март айында 360,4 млн.сом, 26-апрелинде 100,4 млн.сом ѳлчѳмүндѳ акча каражат бѳлүнүп, каралган акча каражаттын 60% бөлүнүп берилди. Бѳлүнгѳн каражатка 2022-жылдын 13-майына карата аталган түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 552,4 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо, 85,9 км чарба аралык каналдардын оӊдоо,19,2 км каналдардын бетондоо464 гидротехникалык курулмалардын, 264 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 92насостук станцияларда оӊдоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде 33насостук агрегаттарды жаӊылоо иштери, 23,7 км коллектордук-дренаждык тармактарда механикалык тазалоо жумуштары аткарылууда.

Read 258 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…