Сырдарыя дарыясынын күнүнө карата сынактарды өткөрүүгө катышууга чакырабыз!
Среда, 27 Июль 2022 07:56

Сырдарыя дарыясынын күнүнө карата сынактарды өткөрүүгө катышууга чакырабыз!

 Сырдарыя дарыясынын күнүнө карата сынактарды өткөрүүгө катышууга чакырабыз!

Суу ресурстары жана айлана-чөйрө боюнча USAIDдин аймактык долбоору Ош Башкы суу чарба башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя суу ресурстары башкармалыгы менен биргеликте Сырдарыя дарыясынын күнүн майрамдоону 2022-жылдын 26-августунда пландаштырууда.

Иш-чаранын максаты - болуп жаткан суу көйгөйлөрү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана формалдуу эмес баарлашуу, жергиликтүү калк арасында маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу кызматташтыкты, өз ара ишенимди жана ынтымакты чыңдоо болуп саналат.

Улуттук деңгээлде өткөрүү жайы катары Ош облусунун Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы тандалды. Ак-Буура дарыясы Фергана өрөөнүндөгү байыркы Ош шаарынын борборунан агат. Чыгыштын бардык байыркы шаарлары сыяктуу эле Ош да тоо дарыясынын жээгинде түптөлгөн, анткени ал жердеги климат кургакчыл жана жан берүүчү суусуз жашоо мүмкүн эмес.

Уюштуруучулар төмөнкү сынактарга катышууну сунуштайт:

  1. Сырдарыя дарыясынын күнүн жергиликтүү деңгээлде майрамдоого арналган балдардын сүрөт сынагы Ак-Буура дарыясы

Сынактын максаттары:

  • Балдардын өз шаарчасында/аймагында суу ресурстарын пайдаланууга көңүл буруусун жана байкоочулугун, чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмүн, көргөндөрүн түшүнүүнү жана жана сүрөт аркылуу өз көз карашын жеткирүү жөндөмүн өнүктүрүү.
  • Балдардын суу ресурстарына жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү жана аяр мамиле жасоосун өнүктүрүү.
  • Суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу маселелерине максаттуу бассейндердин жашоочуларынын кеңири катмарын тартуу.

Сынактын катышуучулары

Сынак максаттуу бассейндердин аймагында жашаган 7 жаштан 15 жашка чейинки курактык категориялардын арасында өткөрүлөт. Сынакка мектеп окуучулары, көркөм ийримдер, жээктеги калктуу конуштардын жергиликтүү тургундары катыша алышат.

Сынакка берилүүчү иштерге талаптар.

  • Сурот А4 форматындагы кагаздын альбом барагында жасалышы керек.
  • Аткаруу техникасы: акварель, гуаш, тушь, түстүү же жөнөкөй карандаш, пастель.
  • Чыгармалар электрондук түрдө кабыл алынат.
  • Ар бир чыгарма автор тууралуу маалымат менен коштолушу керек, анда баланын аты-жөнү, фамилиясы, курагы, билим берүү мекемеси, баланын мыйзамдуу өкүлүнүн дареги, электрондук дареги жана телефону көрсөтүлөт, ошондой эле өлкөнү жана калктуу пунктту көрсөтүү керек.

Чыгарманы сынакка жиберүү менен баланын мыйзамдуу өкүлү сүрөттү андан ары медиага жайгаштырууга жана сүрөттөрдү долбоордун жарнамалык жана имидждик максаттарында пайдаланууга өз макулдугун берет.

ЭСКЕРТҮҮ: Компьютердеги графикалык редакторлордо аткарылган жумуштар кабыл алынбайт.

Сынакты өткөрүү

Сүрөттү сканерлеп, уюштуруучулардын Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына "Сырдарыя дарыясынын күнү – Кыргыз Республикасы" деген белги менен жөнөтүү керек.

Сынак өткөрүү мезгили: 2022-жылдын 1-августунан 20-августуна чейин. Жеңүүчүлөр тандоо комиссиясынын добуш берүүсү менен аныкталат.

Сынактын жыйынтыгын жарыялоо жана сыйлоо

Эң мыкты эмгектерди сыйлоо Сырдарыя дарыясынын күнүн улуттук деңгээлде майрамдоонун алкагында 2022-жылдын 26-августунда Ак-Буура дарыясында өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр электрондук почтага билдирүү аркылуу кененирээк маалымат алышат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн саны

1-орун - 1 конкурсант

2-орун - 2 конкурсант

3-орун - 3 конкурсант

Эмгектер Кыргыз Республикасындагы Сырдарыя дарыясынын күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдөгү көргөзмөдө, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында Казахстан Республикасынын Кызыл-Ордо шаарындагы аймактык иш-чарада колдонулат. Кошумча - жеңүүчүлөрдүн эмгектери жана өзгөчө кызыкчылыкка ээ болгон кошумча беш эмгек катуу кагаз форматында басылып, мектептерге, Кыргыз Республикасынын Башкы суу чарба башкармалыктарынын офистерине жана жергиликтүү администрацияга дубалдарга илинүү үчүн өткөрүлүп берилет, ошондой эле Сырдарыя дарыясынын күнү маданий иш-чараларын жыйынтыктоочу басылмага киргизилет.

Сынактын катышуучуларынын ишине баа берүүдө калыстар тобу төмөнкү критерийлерди жетекчиликке алат:

  • аткаруунун өз алдынчалгы (ишти чоң адамдын катышуусуз БАЛА аткарышы керек)
  • оригиналдуулук
  • сууну сактоонун маанилүүлүгү темасынын сүрөттөлүшү жана толук ачылышы
  • ишке чыгармачылык менен мамиле кылуу
  • көркөм элестетүү, аткаруучулук чеберчилик
  • темага ылайык келүү.
  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү деңгээлинде Сырдарыя дарыясынын күнүн майрамдоого арналган блогерлердин жана журналисттердин арасында видеоролик сынагы

Жалпы жоболор:

Сынактын урааны "Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо – биз бирге күчтүүбүз". Бул сынак Кыргыз Республикасында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо практикасын адаттагы жүрүм-турумду жана ой жүгүртүүнү өзгөртүү аркылуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, башкача айтканда, суу ресурстарын туура пайдалануу чечими менен жер-жерлерде сууну өнүктүрүү жана камсыз кылуу үчүн ар бир адам өз салымын кошо алат (экологиялык жана социалдык-маданий маанилерди чечүү). Сынак блогерлер жана журналисттер арасында мыкты блог, мыкты макала жана мыкты фоторепортаж үчүн өткөрүлөт. Чыгармалар ар кандай медиа форматта түзүлүшү мүмкүн: басылмалардагы

материалдар, онлайн платформалар, видео, фоторепортаж, маалымат материалдары, инфографика, социалдык тармактардагы басылмалар.

Максаттар:

- суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу маселелерине жаштарды (блоггерлерди жана журналисттерди) тартуу,

- жаштардын активдүү жарандык позициясын өнүктүрүү

- "суу аймактагы тынчтыктын жана ынтымактын булагы" идеясын жайылтуу

- жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, чыгармачыл жана таланттуу жаштарды аныктоо жана сыйлоо.

 

Сынактын катышуучулары

Сынакка медиа түрүнө карабастан бардык каалоочулар, журналисттик материалдардын авторлору, ошондой эле бир же бир нече материалдарды берген блогерлер, көз карандысыз жаштар катыша алышат. Бир автор бир эле учурда бир нече номинация боюнча материалдарды жөнөтө алат: бир материал бир номинацияга.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби

Сынак 2022-жылдын 1-августунан 21-августуна чейин бир этапта өткөрүлөт.

Материалдар Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына Кыргыз Республикасынын «Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо – биз бирге күчтүүбүз» сынагына эскертүү менен жана Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына 2022-жылдын 21-августуна чейин жөнөтүлөт.

 

Жумуштарга коюлган талаптар

Сынакка берилген иштер мазмунуна жана жасалгасына карата төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

- сынактын темасына ылайык келүүгө;

- сынакка табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 1 жума мурун ММКларда/блогдордо жарыяланууга тийиш;

- автордун жеке позициясын чагылдырууга;

- оригиналдуулук;

- автордун өз пикирин негиздөө жөндөмдүүлүгү.

 

Жасалгалоого коюлган талаптар:

Сынактык иш кыргыз же орус тилдеринде болушу мүмкүн.

Иштин көлөмү 1 барактан ашпашы керек. Цитаталарды колдонууда - шилтемелерде айтылган сөздүн булагы көрсөтүлөт.

 

Титулдук баракты жасалгалоого коюлган талаптар:

- билим берүү мекемесинин толук аталышы;

- тема;

- автор жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты, байланыш телефонунун номери, электрондук почта.

 

Бул Жобонун талаптарын бузуу менен аткарылган жана плагиатка текшерүүдөн өтпөгөн иштерди конкурстук комиссия карабоого укуктуу. 2022-жылдын 21-августунан кийин келип түшкөн иштер каралбайт.

 

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу, жеңүүчүлөрдүн саны жана сынактын байгелери

1-орун - 1 конкурсант

2-орун - 2 конкурсант

3-орун - 3 конкурсант

 

Эмгектер Кыргыз Республикасындагы Сырдарыя дарыясынын күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдөгү көргөзмөдө (баннерде), ошондой эле 2022-  

жылдын сентябрь айында Казахстан Республикасынын Кызыл-Ордо шаарындагы аймактык иш-чарада колдонулат. Кошумча - жеңүүчүлөрдүн эмгектери жана өзгөчө кызыкчылыкка ээ болгон беш эмгек Сырдарыя дарыясынын күнүнүн маданий иш-чараларынын жыйынтыктоочу басылмасына киргизилет.

 

Бардык суроолор боюнча улуттук деңгээлдеги консультант Дамира Муканбетовна Сыдыковага кайрылыңыз: моб.тел. + 996 550 157 758, +996 706 157 758, e.mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Read 210 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…