Жайлообаев: быйыл 114 чакырымдан ашык канал оңдолду
Суббота, 20 Август 2022 08:46

Жайлообаев: быйыл 114 чакырымдан ашык канал оңдолду

 Айыл чарба министрлигинин суу ресурстар кызматынын жетекчиси Абдыбай Жайлообаев быйыл сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн бир миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Быйыл 114 чакырымдан ашык канал оңдолуп, 101 насостук станцияда оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Абдыбай Жайлообаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. 
Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 600 миллион сому берилген. 
"Өткөн жылда сугат суу тартыштыгынан улам айыл чарбасы үчүн татаал мезгил болду. Быйыл жаан-чачын көп болуп, дыйкандарга жеңил болууда. Анын үстүнө аталган көйгөйдү чечүү үчүн бюджеттен бир миллиард сом бөлүнүп, анын 600 миллион сому берилди. Ага 114 чакырымдан ашык канал оңдолуп, 25 чакырымдай канал бетондолду. 682 чакырым чарбалык каналдар механикалык тазалоодон өткөрүлдү. Баланста 115 насостук станция болсо, анын 101инде оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мунун ичинен 45 насостук агрегат жаңыланды. Мындан тышкары, коллектордук-дренаждык тармактардын 45 чакырымы механикалык жол менен тазаланды. Былтыр Чүйдүн бир катар райондорунда сугат суу көйгөйү өзгөчө болду. Ошону чечүү үчүн Батыш Чоң Чүй каналын тазалоого ӨКМдин техникасы тартылды. Панфилов районунда 10 миллион сомдук декадалык суу топтоочу бассейндин долбоору бүткөрүлүүдө. Мындан тышкары, Москва районунда дагы үч, Сокулукта бир декадалык суу топтоочу бассейндин курулуусу пландалууда. Нарын жана Ысык-Көлдө экиден төрт декадалык суу топтоочу бассейн куруу каралган", — деди Жайлообаев.

Ошондой эле ал скважиналарды оңдоп ишке берүү колго алынып жатканын кошумчалады.

 

А.Жайлообаевдин маеги

 

Read 189 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…