2022–жылдын 22-августка карата сугатка суу берүү планда – 4588,3 млн.м3
каралса, иш жүзүндө – 4376,4 млн.м3 сугат суу берилип, план 95% аткарылды. Ал
эми баардык сугарылган аянт планда – 3020,3 миң га каралса, иш жүзүндө- 2813,0
миң га аянты сугарылып, план 93% аткарылган.
Сугарылган – 2813,0 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугаты
менен – 241,0 миң га, биринчи сугаты менен – 954,5 миң га, экинчи жана кийинки
сугаты менен- 1617,5 миң гектар сугат аянты сугарылган.
Баткен облус боюнча сугатка суу берүү планда – 425,0 млн.м3 каралса, иш
жүзүндө 392,9 млн.м3 сугат суу берилип, план 92% аткарылды. Ал эми баардык
сугарылган аянт планда – 291,6 миң га каралса, иш жүзүндө – 265,8 миң га
сугарылып, план 91% аткарылган. Сугарылган – 265,8 миң гектардын ичинен
жазгы ным топтоо сугаты менен – 51,1 миң га, биринчи сугаты менен – 58,0 миң га,
экинчи жана кийинки сугаты менен - 156,8 миң гектар сугат аянты сугарылган.
Ош облусу боюнча сугатка суу берүү планда – 890,15 млн.м3 каралса, иш
жүзүндө – 775,7 млн.м3 сугат суу берилип, план 87% аткарылды. Ал эми баардык
сугарылган аянт планда – 608,8 миң га каралса, иш жүзүндө – 531,5 га сугарылып,
план 87% аткарылган. Сугарылган – 531,5 миң гектардын ичинен жазгы ным
топтоо сугаты менен – 28,51 миң га, биринчи сугаты менен – 126,7 миң га, экинчи
сугаты менен – 376,3 миң гектар аянты сугарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча сугатка суу берүү планда – 671,1 млн.м3
каралса, иш жүзүндө – 653,1 млн.м3 сугат суу берилип, план 97% аткарылды. Ал
эми баардык сугарылган аянт планда – 437,8 миң га каралса, иш жүзүндө 420,6 миң
га сугат аянты сугарылып, план 96% аткарылган. Сугарылган – 420,6 миң
гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугаты менен – 33,3 миң га, биринчи сугаты
менен -124,8 миң га, экинчи сугаты менен – 262,5 миң гектар аянты сугарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча сугатка суу берүү планда -384,5 млн.м3 каралса,
иш жүзүндө – 376,1 млн.м3 сугат суу берилип, план 98% аткарылды. Ал эми
баардык сугарылган аянт планда – 267,8 миң га каралса, иш жүзүндө- 257,6 миң га
сугат аянты сугарылып, план 96% аткарылган. Сугарылган –257,6 миң гектардын
ичинен жазгы ным топтоо сугаты менен – 35,5 миң га, биринчи сугаты менен –
138,7 миң га, экинчи сугаты менен – 83,4 миң гектар аянты сугарылган.
Нарын облусу боюнча сугатка суу берүү планда – 485,4 млн.м3 каралса,
иш жүзүндө – 456,4 млн.м3 сугат суу берилип, план 94% аткарылды. Ал эми
баардык сугарылган аянт планда – 280,6 миң га каралса, иш жүзүндө- 238,2 миң га
сугат аянты сугарылып, план 85% аткарылган. Сугарылган – 238,2 миң гектардын
ичинен жазгы ным топтоо сугаты менен – 31,7 миң га, биринчи сугаты менен –
114,4 миң га. экинчи сугаты менен – 92,1 миң гектар аянты сугарылган.
Чуй облусу боюнча сугатка суу берүү планда – 1223,9 млн.м3 каралса, иш
жүзүндө – 1182,6 млн.м3 сугат суу берилип, план 97% аткарылды. Ал эми баардык
сугарылган аянт планда – 865,9 миң га каралса, иш жүзүндө – 827,8 миң га сугат
аянты сугарылып, план 96% аткарылган. Сугарылган – 827,8 миң гектардын
ичинен жазгы ным топтоо сугаты менен – 43,1 миң га, биринчи сугаты менен –
280,8 миң га, экинчи сугаты менен – 503,8 миң гектар аянты сугарылган.
Талас облусу боюнча сугатка суу берүү планда – 508,2 млн.м3 каралса, иш
жүзүндө – 539,6 млн.м3 сугат суу берилип, план 106 % аткарылды. Ал эми баардык
сугарылган аянт планда – 267,8 миң га каралса, иш жүзүндө – 271,5 миң га сугат
аянты сугарылып, план 101% аткарылган. Сугарылган – 271,5 миң гектардын
ичинен жазгы ным топтоо сугаты менен – 17,8 миң га, биринчи сугаты менен –
111,0 миң га, экинчи жана кийинки сугаты менен 142,7 миң гектар сугат аянты
сугарылган.
СРБ башчысы А.Т.Сулайманов