“Отуз –Адыр” каналынын курулушу жалпы элдик ашар жолу менен 1941-жылы башталып, 1948-1956-жылдары бүткөрүлгөн. Каналдын жалпы узундугу 52,4 км аралыкты түзөт. Каналдын башка суу алуучу «Куршаб-Сай» түйүнү 1951-жылы башталып, 1954-жылы курулуп бүткөрүлгөн. Суу өткөрүмдүүлүгү 25,0 м3/сек. түзөт. Башкы суу алуучу курулма аркылуу Куршаб дарыясынан суу алынып, Кара-Суу районунун сугат талааларына “Отуз-Адыр” каналы аркылуу берилет.
“Отуз-Адыр” каналы аркылуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык, Сары-Колот, Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Катта-Талдык, Жоош, Мады, Сарай, Савай, Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн жана Алай районунун Жаӊы-Алай айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 13800 га сугат жерлерине суу берилет.