Капиталдык курулуш
Пятница, 09 Сентябрь 2022 11:46

Капиталдык курулуш

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2022-жылы Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттин “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 500 млн. сом суммасындагы каражат бөлүү каралган. Каржылоо  2022-жылдын 27-февралында башталып, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 350,0 млн.сомду түздү.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 11 объект боюнча изилдөө-долбоорлоо иштери, ал эми 5 суу чарба объекттеринде  курулуш иштери жүрүүдө:

– Лейлек районундагы Максат поселкасында дюкерди куруу;

– Кадамжай районунда Дюкер Р-1 куруу;

– Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы  Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу;

– Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Шибе-Жекенди каналын куруу;

– Аксы районундагы  Падыша-Ата дарыясынан  өзү агып келүүчү Ак-Терек каналын куруу.

Инвестициялык каражаттардын эсебинен 4 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө:

– Ислам Өнүктүрүү Банкынын каражаттарынын эсебинен 1 объектиде “Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реконструкциялоо”;

– Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен төмөнкү 3 объектиде:

– Москва районундагы “Спартак” суу сактагычынын алдындагы жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү,

– Кара-Буура районундагы Бахты-Ногой каналын куруу;

– “Бакай-Ата районундагы “Кызыл-Жар” жана “Жалпак-Тил” каналдарынын курулушун аяктоо.

Республикалык бюджеттин тартыштыгын эске алып, тышкы  инвестицияларды тартуу боюнча иштер  жүргүзүлүүдө:

– Ислам Өнүктүрүү Банкынын каражаттарынын эсебинен “Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерди өнүктүрүү” долбоору боюнча 2022-жылы 2 ирригациялык объектте курулуш иштерин баштоо каралган. 2022-жылдын IV кварталында курулуш иштерин баштоо пландалууда.

– Айланма Чүй каналынын экинчи кезегинин курулуш иштерин Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен каржылоо сунушталды (52,0 млн.АКШ долл.). Учурда объектте долбоорлоо иштери аяктап, мамлекеттик экспертизадан өтүү үчүн  документтерди өткөрүү жол-жобосу башталды.

Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы менен 2021-жылдын 20-октябрында ирригациялык объекттерди каржылоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, биринчи этапта 1 ирригациялык объектти 19,93 млн.евро суммасына каржылоо жөнүндө сүйлөшүлгөн (14,130 млн.евро –кредит, 3,74 млн.евро-грант,ТЖ-2,06млн.евро) бир объект өткөрүлдү. Учурда Макулдашууга кол коюу боюнча документтер даярдалууда.

 Капиталдык оӊдоо жумуштары

2022-жылы Суу ресурстары кызматынын балансында турган мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо-калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражатты  бөлүү каралууда. Бул каражаттарга 183,1 км каналдардын оӊдоо, 77,4 км каналдардын бетондоо, 712,1 км каналдардын механикалаштырылган тазалоо, 619 гидротехникалык курулмаларды, 340 суу өлчөөчү постторду, 105 насостук станцияны, анын ичинде 236 насостук агрегатты оӊдоо, 72 насостук агрегатты жаӊылоо, 28 скважинанын оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерин, 9 суу сактагычты оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармакты оӊдоо жана механикалаштырылган тазалоо иштерин аткаруу пландалууда.

Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдөрү, анын ичинде 7 Башкы жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына, 4 суу сактагычтар башкармалыктарына республикалык бюджеттен “капиталдык оӊдоолор” беренеси боюнча январь айында 162,4 млн.сом, март айында 361,1 млн.сом, 26-апрелде 100,7 млн.сом, июль айында 11,2 млн.сом, август айында 11,2 млн.сом өлчөмүндѳ акча каражат бѳлүнүп, каралган акча каражаттын 64% бөлүнүп берилди. Бөлүнгөн каражатка 2022-жылдын 1-сентябрга карата аталган түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан 116,0 км чарба аралык каналдарын оӊдоо, 25,7 км каналдарын бетондоо, 694,8 км чарба аралык каналдардын механикалаштырылган тазалоо, 535 гидротехникалык курулмаларды, 301 суу өлчөөчү постторду, 102 насостук станцияларды оӊдоо, 220 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинде 44 насостук агрегаттарды жаӊылоо иштери, 77,3 км коллектордук-дренаждык тармактарда механикалаштырылган тазалоо жумуштары аткарылууда.

“Капиталдык оӊдоолор”  титулдук тизмесиндеги объектилерде калыбына келтирүү, оӊдоо жумуштары 2022-жылдын 25-декабрына чейин жүргүзүлөт.

 

Read 175 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…