“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланган.
Кыргыз тилинин бир айлыгын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 308 буйругу менен мамлекеттик органдарга иш-чара өткөрүү тапшырылган. Бул семинарлар, конференциялар же бет ачарлар, жат жазуу-диктанттар, кыргызча таза сүйлөшүү күндөрү ж.б.у.с. Аталган иш-чаралардын максаты – кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүү жана популярдаштыруу, ошондой кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү.
“Ар тараптуу аракеттер менен гана натыйжага жетишсе болот”,– деп эсептейт мамтил боюнча адис Г. Джунушова. Албетте окуп-үйрөтүүнүн натыйжалуу методикасы, курстар, электрондук форматтагы окутуу куралдары да керек”.
Кыргыз тили суу секторунда жана мелиорацияда өзүнүн татыктуу ордун ээлеши үчүн 2022-жылдын 19-сентябрында Суу ресурстары кызматынын тренинг залында иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү темасында окутуу семинары болуп өттү. КР МК Котормо секторунун эксперти А.Исманкулова тренингдин катышуучуларын кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускама менен тааныштырды. Ал кыргыз тилинде сабаттуу жазуу боюнча электрондук форматта бет ачар даярдаган. Иш-чара аяктагандан кийин бул материал бардык катышуучуларга таркатылды.
“Семинарга Суу ресурстары кызматы толук курамда катышкандыгы абдан жакшы. Бул мамлекеттик кызматчылар иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү абдан маанилүү экендигин түшүнөрүн билдирет”,– деди лектор, ал ошондой эле бул мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналгандыгын белгиледи.
Мамлекеттик тил күнү жыл сайын 23-сентябрда белгиленет. Ал 1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан уюштурулган.
Бир айлыктын алкагында Суу ресурстары кызматы дагы бир иш-чара өткөрдү. Анын темасы – “Бул күнү кошулмасы жок, кыргызча таза сүйлөшөбүз”.