Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлгөн. Кыргызстанда соңку жылдарда ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап жатат. Өлкө боюнча суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. метр кубга жетет. Сууну жеткирүүдɵгү жоготуулар 2 млрд. метр кубдан ашаары айтылып жүрөт. Жалпы 800 миң гектардай айдоо аянты бар . Өткөн жылы Борбор Азияда кургакчылык болуп, сугат суу тартыштыгы Кыргызстандын айыл чарбасына дагы таасирин тийгизген.
Вторник, 11 Октябрь 2022 10:21
БИРИНЧИ РАДИО: Ирригациялык тармакты жакшыртуу кандай жүрүп жатат?
Уктурууга КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын оңдоп куруу иштери бөлүмүнүн башчысы Зарина Ибраимова жана Суу ресурстары башкармалыгынын башкы адис Гулнура Атакулова катышууда.
Published in
Жанылыктар
Login to post comments