2022-жылдын 10-октябрына капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат
Среда, 12 Октябрь 2022 06:41

2022-жылдын 10-октябрына капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

 2022-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка 176,3 км каналдардын оӊдоо, 77,4 км каналдардын бетондоо, 712,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулмалардын, 340 суу өлчөөчү посттордун, 105 насостук станциянын, анын ичинде 236 насостук агрегаты оӊдоо, 72 насостук агрегатын жаӊылоо, 28 скважинанын оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бѳлүмдѳргѳ республикалык бюджеттен «капиталдык оӊдоолор» беренеси боюнча 2022-жылдын 10-октябрына карата 731,9 млн.сом же 73% ѳлчѳмүндѳ акча каражат бөлүнүп берилди. Бѳлүнгѳн аталган түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 116,2 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, 26,6 км каналдардын бетондоо, 719,9 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо, 535 гидротехникалык курулмалардын, 304 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 103 насостук станцияларда оӊдоо, 231 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинде 44 насостук агрегаттарды жаӊылоо иштери, 126,8 км коллектордук-дренаждык тармактарда механикалык тазалоо жумуштары аткарылууда.

“Капиталдык оӊдоолор”  титулдук тизмесиндеги объектилерде калыбына келтирүү, оӊдоо жумуштары 2022-жылдын 25-декабрына чейин жүргүзүлөт.

 

Read 164 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…