Мамлекеттин стратегиялык объектиси катары саналган Кадамжайдын Бүргөндү каналы олуттуу зыянга учурап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Акылбек Козубаевдин айтымында, Бүргөндү каналы жалпы 9 миң гектардан ашык Ак-Турпак жана Кыргыз-Кыштак аймактарын сугат жана таза суусу менен камсыз кылат. Суу канал менен кошо аталган аймактагы негизги суу бөлүүчү түйүн дагы талкаланып жатат. «Кожошкен (Сох) дарыясынын негизги суу бөлүштүрүүчү жердин өйдө жагында атайын суунун агымын басаңдатуучу жана агызып келген шагыл ташты тундуруучу атайын 3 бөлүктөн турган тосмо дамбалар курулган.
Тосмо дамбалардын кызматы катуу аккан суунун агымын басаңдатуу менен бирге, агып келген шагыл ташты жеринде алып калат.
https://www.youtube.com/watch?v=P7PD8uq98UQ