“Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстанда суунун тартыштыгынын себеби” аттуу илимий тегерек стол
Среда, 12 Июль 2023 18:51

“Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстанда суунун тартыштыгынын себеби” аттуу илимий тегерек стол

 

2023-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту “Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстанда суунун тартыштыгынын себеби” аттуу илимий тегерек стол өткөрдү.
Илимий тегерек столду өткөрүүнүн максаты – Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстан боюнча суунун тартыштыгынын себептерин илимий изилдөө. Бул илимий тегерек столдо суунун тартыштыгынын актуалдуу проблемалары, суунун жетишсиздиги
проблемасы боюнча практикалык чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуучу жактар үчүн суу ресурстарын башкаруу ыкмалары талкууланды.
Бул жолугушууга бардык кызыкдар адамдар: мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК, эксперттер, суу көйгөйлөр жаатында изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий кызматкерлер чакырылды.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечим кабыл алынды:
1 Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин Бишкек шаарынын жана башка региондордун калкын суу менен туруктуу камсыз кылууга кызыкдар мамлекеттик органдар, мекемелер, чечим кабыл алуучу
жактар менен тыгыз кызматташуусу керектиги;
2 Суу ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан практикалык сунуштарды тийиштүү мекемелерге жиберүү.
Read 126 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…