Белгилей кетсек, борбордогу бак-дарактарды сугаруу үчүн 14 895 миң м3 сугат суу алынат. Бул үчүн 23 сугат скважинасы колдонулган, алардын 5и калыбына келтирилген.

 Ошондой эле узундугу 2 176 км болгон ирригациялык тармактар орнотулду.

Эске салсак, “Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасы Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 43,392 млн.куб. м. көлөмүндө сугат суусун 1262,640 миң сомго жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Апрелден тарта Бишкек шаарынын сейил бактарында жана гүлзарларында жашыл аянттар сугарылып турат.

Белгилей кетсек, аба ырайына жараша сугат мезгилинин узактыгы үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин созулат.

Сугат суусу төмөнкү негизги булактардан алынат:
– “Аламүдүн” суусунан “Асанбай” каналы боюнча-850 л/сек.
– “Ала-Арча” дарыясынан “Киргизия-1” каналы боюнча – 800 л/сек.
– Чыгыш ЧЧК 2000 л/сек.

https://eltr.kg/bishkekte-zhaңy-skvazhinalardy-burguloo-ulanuuda/