2023-жылдын 10-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 542,6 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 568 гидротехникалык курулмалардын, 197 суу өлчөөчү посттордун, 89 насостук станциялардын, 153 насостук агрегаттардын оӊдоо, 18 насостук агрегаттардын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 93,4 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 1868 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.
Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын «капиталдык оӊдоолор» титулдук планына ылайык мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо-калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.