Кировдо суу азайды. Дыйкандын мээнети кантип акталат?
Вторник, 12 Сентябрь 2023 10:31

Кировдо суу азайды. Дыйкандын мээнети кантип акталат?

 

Таластагы Киров суу сактагычында быйыл суу абдан аз топтолду. Мындан улам жергиликтүү дыйкандар жана коңшу Казакстандын Жамбыл облусунун дыйкандары бир топ зыянга учураганын айтууда.

Ушул тапта Чоң-Капка өткөрмө бекетинде да автоунаалардын тыгыны да азайбай турат. Буга чейин чек ара бекетинде пайда болгон тыгын суу маселесине байланыштуу экени айтылганы менен расмий тараптар аны ырастаган эмес.

Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиев быйыл суу жылдагыдан кыйла аз келгенин белгилеп, буга кургакчылык себеп болгонун билдирди.

Шыгай Момуналиев
Шыгай Момуналиев

"Былтыркыга салыштырмалуу быйыл суу сактагычта суунун көлөмү өтө эле аз. Былтыр ушул убакта 100 млн куб суу бар болсо, быйыл 10-14 миллиондун айланасында болууда. Буга мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык себеп болду".

Быйылкы суу тартыштыгы Манас районундагы дыйкандарды да түйшүккө салды. Бул аймакты Киров суу сактагычы суу менен камсыздайт.

Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Алишер Надырбековдун короосундагы жүгөрүсүнө быйыл суу жеткен эмес. Талаадагы төө бурчагы да жетиштүү сугарылбай калган.

"Казак туугандарга эмес, өзүбүзгө суу жетпей жатат. Өзүбүздө болбой жатып бирөөгө кантип беребиз? Аларга колдон келишинче берилди. Оокатың өзүңдүн үй-бүлөңө жетпей жатса бирөөгө тамагыңды тартып берип салбайсың да. Суу биринчи өзүбүзгө жетиш керек болчу. Эми алардын таарынычын түшүнбөй турам. Чек арасын жапса жабышсын, андан эч коркунуч жок. Эки айдан кийин өздөрү ачат. Аларга деле оокат керек да".

Ушул эле Киров суу сактагычынан суу алган Казакстандын Жамбыл облусунун дыйкандары да суу тартыштыгынын азабын тартып жатышат.

"Азаттыктын" кабарчысы алар менен да жолугушту. Жамбылдын Байзак айылынын тургуну Аманбай Жумабаев ижарага алган жерге жашылча-жемиштин түрүн олтургузган. Август айында суу токтогондон бери короосу кургап калганын айтып берди:

"Мына, суу ичпеген помидорлорубуздун баары куурап, жерге түшүп жатат. Суу келбегенине бир ай болду. Мындан сырткары аркы чарбактагы калемпир, бадыраңдарыбыз куурап жатат. Эми сентябрдын аягы, октябрдын башында Талас суусунан да, Базарбай каналынан да суу толуп агат. Ал суу кумга кетет. Сууну дыйканга азыр бериши керек эле да. Кийин эмне кереги бар?".

Жамбылдык дыйкан Аманбай Жумабаевдин помидор талаасы. 24-август, 2023-жыл
Жамбылдык дыйкан Аманбай Жумабаевдин помидор талаасы. 24-август, 2023-жыл

Таластагы Чоң-Капка өткөрмө бекетинде автоунаалардын тыгыны азая элек. Ушул тапта 70ден ашык оор жүк ташуучу жана 50дөн ашык жеңил автоунаа токтоп турат.

"Орто жерден карапайым эл кыйналып жатат. Негизи маселени эки өлкө орток пикирге келип чечип берсе, жергиликтүү айдоочулар эле эмес, Орусияга кетип жаткан айдоочуларга, ишкерлерге жакшы болмок. Жок жерден жабыр тартып жатышат", - деди жергиликтүү айдоочулардын бири Азиз Бузурманкулов.

Ошондой эле өткөрмө бекеттин Казакстан тарабында да 50дөн ашык машина кезек күтүп, Кыргызстанга кире албай турат. Коомчулук чек арадагы мындай чектөөлөрдү суу маселеси менен байланыштырып жатат. Казак тарап “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы Чоң-Капка өткөрмө бекети, 24-август, 2023-жыл
Кыргыз-казак чек арасындагы Чоң-Капка өткөрмө бекети, 24-август, 2023-жыл

24-августта Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө жайындагы абал менен таанышкан.

Кыргызстандын өтүнүчү менен ЕЭКтин алкагында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны биримдиктеги энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев жетектей турган болгон.

 

Read 126 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…