2023-жылы бугунку күнгө карата 23 ультраүн деңгээл өлчөгүчтөрдү даярдоо жана орнотуу боюнча түзүлгөн келишимдердин алкагында текшерилген өлчөөчү станцияларда суунун агымын өлчөө үчүн РСЧБдан түшкөн билдирмелер боюнча уюлдук байланыш каналы орнотулган жана жаңы атайын маалыматтар базасы бар SCADA программалык камсыздоосу иштелип чыкты.
Программалык камсыздоо облустук суу чарба башкармалыгынын башкаруу борборлорундагы SCADA системалары боюнча жаңыланды.
Сууну эсепке алуу үчүн орнотулган бардык ультраүн деңгээл өлчөөчү приборлор
“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келет. «ВиМ» ДКТИ метрологиялык кызматы УЗИ ченегичти текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн КЦА тарабынан аккредитацияланган.
УЗИ деңгээл өлчөгүчтө маалыматтарды жазуу жана сактоо үчүн орнотулган эстутум модулу бар. Бул аппарат, ошондой эле уюлдук байланыш аркылуу РСЧБнин башкаруу борборуна берилген убакыт аралыгы үчүн оперативдүү маалыматтарды өткөрүп берет. Анын вегетация мезгилине толук жете турган батареялары бар.
Уюлдук байланыш каналы бар УЗИ деңгээл өлчөгүч Кыргыз Республикасынын ченөө каражаттарынын мамлекеттик реестринде катталган, тибин бекитүү жөнундө сертификаты бар жана аккредиттелген метрологиялык орган тарабынан текшерилген УУ-60 УЗИ деңгээли өлчөгуч прибордун негизинде иштелип чыккан. "ВиМ" ДКТИ кызматы.