Республика боюнча азыркы учурда вегетациялык сугат аяктап, учурда республиканын бардык облустарында күздүк айдоо астындагы жана күзгү-
кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө. 11-октябрга карата күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 47,7 миң га сугарылып, план 61% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 13 миң
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 210,8 миң га түзсө, иш жүзүндө 59,8 миң га сугарылды же план 28% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 7,3 миң га аз.
Баткен облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2 миң га түзсө, иш жүзүндө 0,4 миң га же пландын 11% түзгөн. Күзгү ным топтоо сугаты планда 21,8 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 2,3 миң га же
пландын 11 % аткарылган.
Ош облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014 миң га түзсө, иш жүзүндө 1,73 миң га же пландын 16% түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 25,88 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 2,3 миң га же пландын 12 % аткарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 6,1 миң га же пландын 50% түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш
жүзүндө 9,3 миң га же пландын 41 % аткарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 5,268 миң га же пландын 52% түзгөн. Күзгү- кышкы ным топтоо сугаты планда 63,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 16,456 миң га же пландын 26 % аткарылган.
Нарын облусу боюнча Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 2,161 миң га же пландын 12 % аткарылган.
Чүй облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750 миң га түзсө, иш жүзүндө 29,521 миң га же пландын 90% түзгөн. Күзгү- кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө
10,067 миң га же пландын 44 % аткарылган.
Талас облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 4,6 миң га же пландын 55 % түзгөн. Күзгү- кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө
16,3 миң га же пландын 47 % аткарылган.