2023-жылдын 16-октябрына карата Республика боюнча аймактар ​​боюнча күзгү ным сактоочу сугат иштерин жүргүзүү жөнүндө маалымат
Вторник, 17 Октябрь 2023 10:40

2023-жылдын 16-октябрына карата Республика боюнча аймактар ​​боюнча күзгү ным сактоочу сугат иштерин жүргүзүү жөнүндө маалымат

Республика боюнча азыркы учурда күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө. 16-октябрга карата күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 53,6 миң га сугарылып, план 68% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 13,7 миң га аз.

Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 210,8 миң га түзсө, иш жүзүндө 93,8 миң га сугарылды же план 44% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 5,6 миң га көп.

Баткен облусу боюнча  күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2 миң га түзсө, иш жүзүндө 0,74 миң га же пландын 17% түзгөн. Күзгү ным топтоо сугаты планда 21,8 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 5,523 миң га же пландын 25 % аткарылган.

Ош облусу боюнча  күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014 миң га түзсө, иш жүзүндө 2,70 миң га же пландын 25 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 25,88 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 15,0 миң га же пландын 58 % аткарылган.

Жалал-Абад облусу боюнча  күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 8,1 миң га же пландын 67 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 14,7 миң га же пландын 64 % аткарылган.

Ысык-Көл облусу боюнча  күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 5,442 миң га же пландын 54 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 63,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 19,110 миң га же пландын 30 % аткарылган.

Нарын облусу боюнча   Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 3,784 миң га же пландын 20 % аткарылган.

Чүй облусу боюнча  күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750 миң га түзсө, иш жүзүндө 30,804 миң га же пландын 94 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 16,775 миң га же пландын 73 % аткарылган.

Талас облусу боюнча  күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 5,76 миң га же пландын 69 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 18,9 миң га же пландын 55 % аткарылган.

 

 

Read 92 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…