2023-жылдын 1-октябрына карата Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 596,1 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 621 гидротехникалык курулмалардын, 248 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 100 насостук станциялардын, 168 насостук агрегаттардын оӊдоо, 21 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле 154,5 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 3090 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.
Ал эми, Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын “капиталдык оңдоолор” титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.