Республика боюнча азыркы учурда күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө. 23-октябрга карата күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 61,3 миң га сугарылып, план 78% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 10,4 миң га аз.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 210,8 миң га түзсө, иш жүзүндө 129,3 миң га сугарылды же план 61 % аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 8,7 миң га көп.
Баткен облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2 миң га түзсө, иш жүзүндө 1,265 миң га же пландын 30 % түзгөн. Күзгү ным топтоо сугаты планда 21,8 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 9,747 миң га же пландын 45 % аткарылган.
Ош облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014 миң га түзсө, иш жүзүндө 3,35 миң га же пландын 30 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 25,88 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 18,4 миң га же пландын 71 % аткарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 11,6 миң га же пландын 96 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 18,5 миң га же пландын 81 % аткарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,623 миң га же пландын 75 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 63,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 30,870 миң га же пландын 48 % аткарылган.
Нарын облусу боюнча Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 6,704 миң га же пландын 36 % аткарылган.
Чүй облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750 миң га түзсө, иш жүзүндө 31,004 миң га же пландын 95 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 24,938 миң га же пландын 108 % аткарылган.
Талас облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 6,46 миң га же пландын 77 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 20,2 миң га же пландын 58 % аткарылган.