«Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун «Осмон» чакан долбоору боюнча маалымат
Среда, 25 Октябрь 2023 13:11

«Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун «Осмон» чакан долбоору боюнча маалымат

Коомчулукту мобилизациялоо боюнча суб-консультант тандалды. Осмон чакан долбоорунда долбоордун Координациялык комитети (ДКК) түзүлгөн, ага СПАнын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жергиликтүү коомчулуктун, райондук мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү кирет.

ДККнын 5 отуруму өткөрүлдү, анда аталган долбоорду ишке ашырууга байланышкан негизги маселелер каралды. СПАнын потенциалын өнүктүрүү боюнча пландар жана талаа деңгээлинде айыл жана суу чарбасын иштерин жүргүзүү Пландары даярдалып, СПАнын жалпы чогулуштарында бекитилди.

«Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун негизги максаты:

  • Ирригациялык инфраструктураларды коргоо жана модернизациялоо;
  • Ирригациялык инфраструктураларды башкарууну жакшыртуу;
  • Айыл чарбасын жана жергиликтүү суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу;
  • Табигый кырсыктарды тобокелчилигин башкарууну бекемдөө,  потенциалын жогорулатуу;

Аталган иш-аракеттер аркылуу аба-ырайынын  экстремалдык кубулуштарынын кесепетинен  келип чыккан Кыргызстандын айыл-чарбасындагы жоготууларды азайтуу  жана ирригациялык инфраструктуралар үчүн коркунучун кыскартуу, сел каптоо жана жер көчкүлөрдүн таасиринен келип чыккан табигый кырсыктарга жана климаттык өзгөрүүлөргө каршы ирригациялык сектордун туруктуулугун жогорулатуу.

Модернизацияланган жана корголгон ирригациялык инфраструктура

Чүй районунун Осмон каналы боюнча 2020-жылы техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу башталган, ал 2021-жылдын экинчи кварталында бүткөрүлгөн.2021-жылы иш долбоорун иштеп чыгуу башталды. 2022 - жылы "Осмон" кичи долбоору боюнча долбоордук иштер аяктап, мамлекеттик жана экологиялык экспертизалардын корутундулары алынган.

Тендердик документтер иштелип даярдалды жана АӨБнын макулдугу алынды.

Аталышы

ч/б

Саны

Каналдын жалпы узундугу

км

22,65

Каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү

м3/с

6,0

Реабилитациялоонучу канал тилкеси

км

13,416

Суу түтүктөрүн реаб-циялоо жана куруу

даана

20

Г/постторду реабилитациялоо жана куруу

даана

16

Суу түтүктөрүн автоматташтыруу

даана

17

Көпүрөлөрдү куруу

даана

7

Таштоочу курулманы реабилитациялоо

даана

2

Селедукту реабилитациялоо

даана

1

4 чакан долбоор үчүн курулуш техникаларын сатып алуу боюнча тендердик жол-жобо жүргүзүлүп, 2022-жылдын 11-апрелинде курулуш техникасы менен камсыз кылууга (4 дөңгөлөктүү HYUNDAI R210W-9S экскаватору, чаканын көлөмү 0,8-1,0 м3, жана 4 автосамосвал, JAC N350 жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тонна) "Азиямоторс" компаниясы менен 965 миң АКШ доллары суммасында келишим түзүлгөн. Осмон чакан долбоору боюнча Чүй РСЧБсы үчүн 1 дөңгөлөктүү экскаватор жана 1 автосамосвал берилди.

2023-жылы "Осмон"кичи долбоору боюнча Осмон каналынын реабилитациялык жана модернизациялык иштерин аткаруу үчүн эки лот боюнча тендер өткөрүлгөн.

1-Лот боюнча "Сити Комплекс" ЖЧК жана "Жалалабад СМУтт" ЖАКы Консорциуму менен 2023-жылдын 9-августында 141291,1 миң сом суммасында жана 2-Лот боюнча ЖЧК "Победа" 2023-жылдын 11-августунда 158114,6 миң сом суммасында курулуш компаниялары менен контрактка кол коюлган.

Долбоорду ишке ашыруучулар:

  • Суу ресурстар кызматы (СРК) – 1 жана 2 натыйжаларга жетишүүсүнө жооптуу.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) – 3 - натыйжанын жетишүүсүнө жооптуу.

 

Долбоорду ишке ашырууда төмөнкү мекемелер жооп берет.

  • СРК тарабынан уюштурулган –

Долбоорлорду аткаруу Бөлүмү - ДАБ

  • Долбоорду аткаруучу консультант - ДАК
  • Коомчулукту өнүктүрүү группалары - КӨГ
  • Подпроекттерди көзөмөлдөө комитети
  • Суу Пайдалануучу Ассоциациясы – СПА

 

Read 103 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…