Республика боюнча азыркы учурда күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө. 30-октябрга карата күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 68 миң га сугарылып, план 86% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 6 миң га аз.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 210,8 миң га түзсө, иш жүзүндө 165,9 миң га сугарылды же план 79 % аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 22,3 миң га көп.
Баткен облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2 миң га түзсө, иш жүзүндө 1,661 миң га же пландын 39 % түзгөн. Күзгү ным топтоо сугаты планда 21,8 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 17,189 миң га же пландын 79 % аткарылган.
Ош облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014 миң га түзсө, иш жүзүндө 6,90 миң га же пландын 63 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 25,88 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 21,7 миң га же пландын 84 % аткарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 13,0 миң га же пландын 107 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 24,4 миң га же пландын 107 % аткарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,915 миң га же пландын 78 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 63,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 38,710 миң га же пландын 61 % аткарылган.
Нарын облусу боюнча Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 9,569 миң га же пландын 51 % аткарылган.
Чүй облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750 миң га түзсө, иш жүзүндө 31,139 миң га же пландын 95 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,940 миң га же пландын 121 % аткарылган.
Талас облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,36 миң га же пландын 88 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 26,4 миң га же пландын 58 % аткарылган.