Республика боюнча азыркы учурда күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө. 09-ноябрга карата күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 68,4 миң га сугарылып, план 87% аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 11,4 миң га аз.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 210,8 миң га түзсө, иш жүзүндө 176,7 миң га сугарылды же план 84 % аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 21,2 миң га көп.
Баткен облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2 миң га түзсө, иш жүзүндө 2,475 миң га же пландын 58 % түзгөн. Күзгү ным топтоо сугаты планда 57,227 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 32,706 миң га же пландын 57 % аткарылган.
Ош облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014 миң га түзсө, иш жүзүндө 6,90 миң га же пландын 63 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 25,88 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 21,7 миң га же пландын 84 % аткарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 13,4 миң га же пландын 111 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,4 миң га же пландын 120 % аткарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,915 миң га же пландын 78 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 63,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 40,820 миң га же пландын 64 % аткарылган.
Нарын облусу боюнча Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 14,579 миң га же пландын 78 % аткарылган.
Чүй облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750 миң га түзсө, иш жүзүндө 31,139 миң га же пландын 95 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,940 миң га же пландын 121 % аткарылган.
Талас облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,36 миң га же пландын 88 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,1 миң га же пландын 78 % аткарылган.