Республика боюнча азыркы учурда күздүк айдоо астындагы жана
күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзкүлүүдө. 13-ноябрга карата
күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө
73,0 миң га сугарылып, план 93 % аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 7,3 миң га аз.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 236,0 миң га түзсө, иш
жүзүндө 213,6 миң га сугарылды же план 91 % аткарылды, бул 2022-жылга
салыштырмалуу 46,1 миң га көп.
Баткен облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2
миң га түзсө, иш жүзүндө 3,159 миң га же пландын 74 % түзгөн. Күзгү ным
топтоо сугаты планда 57,227 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 38,350 миң
га же пландын 67 % аткарылган.
Ош облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014
миң га түзсө, иш жүзүндө 8,85 миң га же пландын 80 % түзгөн. Күзгү-кышкы
ным топтоо сугаты планда 25,88 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,7 миң
га же пландын 104 % аткарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план
боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 13,8 миң га же пландын 114 % түзгөн.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш
жүзүндө 27,4 миң га же пландын 120 % аткарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча
10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,915 миң га же пландын 78 % түзгөн.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 53,529 миң га каралган болсо, иш
жүзүндө 41,380 миң га же пландын 77 % аткарылган.
Нарын облусу боюнча Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда
18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 17,193 миң га же пландын 92 %
аткарылган.
Чүй облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750
миң га түзсө, иш жүзүндө 31,943 миң га же пландын 98 % түзгөн. Күзгү-
кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө
34,519 миң га же пландын 149 % аткарылган.
Талас облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча
8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,36 миң га же пландын 88 % түзгөн. Күзгү-
кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө
27,1 миң га же пландын 78 % аткарылган.