Республика боюнча азыркы учурда күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары жүргүзкүлүүдө. 20-ноябрга карата күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 78,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 73,0 миң га сугарылып, план 93 % аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 7,3 миң га аз.
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты план боюнча 237,6 миң га түзсө, иш жүзүндө 228,3 миң га сугарылды же план 96 % аткарылды, бул 2022-жылга салыштырмалуу 44 миң га көп.
Баткен облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 4,2 миң га түзсө, иш жүзүндө 3,159 миң га же пландын 74 % түзгөн. Күзгү ным топтоо сугаты планда 57,227 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 49,461 миң га же пландын 86 % аткарылган.
Ош облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 11,014 миң га түзсө, иш жүзүндө 8,85 миң га же пландын 80 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 27,48 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,7 миң га же пландын 101 % аткарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 12,1 миң га түзсө, иш жүзүндө 13,8 миң га же пландын 114 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 22,9 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,4 миң га же пландын 120 % аткарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 10,142 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,915 миң га же пландын 78 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 53,529 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 41,950 миң га же пландын 78 % аткарылган.
Нарын облусу боюнча Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 18,785 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 18,823 миң га же пландын 100 % аткарылган.
Чүй облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 32,750 миң га түзсө, иш жүзүндө 31,943 миң га же пландын 98 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 23,127 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 34,879 миң га же пландын 155 % аткарылган.
Талас облусу боюнча күздүк айдоо астындагы сугат план боюнча 8,364 миң га түзсө, иш жүзүндө 7,36 миң га же пландын 88 % түзгөн. Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты планда 34,536 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 27,1 миң га же пландын 78 % аткарылган.