2023-жылдын 12-декабрына карата капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат
Вторник, 12 Декабрь 2023 20:53

2023-жылдын 12-декабрына карата капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 935,6 млн. сом каралып, 2023-жылдын 12-декабрына карата 935,6 млн. сом каржыланды. Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 634,7 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 683 гидротехникалык курулмалардын, 275 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 105 насостук станциялардын, 172 насостук агрегаттардын оӊдоо, 23 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 223,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4472 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.  

Ал эми, Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын “капиталдык оңдоолор” титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.

Read 53 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…