2023-жылы 21-декабрында КРнын АЧМнин актовый залында КРнын АЧМнин алдындагы Суу ресурстары кызматынын үстүбүздөгү жылдын 11 айы үчүн аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өтөт
Четверг, 21 Декабрь 2023 07:39

2023-жылы 21-декабрында КРнын АЧМнин актовый залында КРнын АЧМнин алдындагы Суу ресурстары кызматынын үстүбүздөгү жылдын 11 айы үчүн аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өтөт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу, координациялоо жана жөнгө салуу функциялары болуп саналган мамлекеттик орган.

Суу ресурстары кызматынын балансында - чарбалар аралык ирригациялык тармактар, алар боюнча сугат суусун суу пайдалануучуларга ташуу жана жеткирүү ишке ашырылат. Бул суу пайдалануучулардын бирикмелери, ошондой эле жеке фермерлер сыяктуулар.

              Кыргыз Республикасында бир миллион гектардан ашык сугат жери бар. Сугат жерлерге суу берүү үчүн республикада мамлекеттик ирригациялык фонд бар, ал узундугу 5885 км каналдарды түзөт, анын ичинен 2501,7 км бетон менен капталган каналдар, ал эми 3383,3 км – жер нугундагы каналдар. Каналдардагы гидротехникалык курулуштардын саны 7670 бирдикти түзөт. Топтоочу сыйымдуулуктардын жалпы саны 93 бирдикти түзөт, анын ичинен 33 ири суу сактагыч, 50 суткалык жөнгө салуу бассейндери (БСР) жана 10 декадалык жөнгө салуу бассейндери (БДР). Суу сактагычтардагы жана суткалык жөнгө салуу бассейндердеги, декадалык жөнгө салуу бассейндердеги суунун көлөмү 1,7 млрд. м3, кепилденген суу берүү менен 250 миң га. түзөт. Насостук станциялардын жалпы саны 120 бирдик, 347 насостук агрегат.

              Сугат суусун жоготуу проблемаларын чечүү үчүн чараларды адекваттуу кабыл алуу менен суу ресурстары кызматы тарабынан эскирген ирригациялык системаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо жана жаңы объекттерди куруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн, ошондой эле сугат суусун мамлекеттик эсепке алууну борборлоштуруп өркүндөтүү башталган. Ирригациялык объектилерде аткарылган иштердин натыйжасында 2023-жылы суунун аздыгынын терс таасирин жеңилдетүү байкалган.

              Быйылкы жылга мамлекеттик суу чарба объектилеринде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 935,6 млн сом каралган. Каржылоонун бардык суммасы 12-декабрга чейин бөлүнгөн.

         Бул каражаттарга аткарылган иштер:

* 634,7 км каналды оңдоо, бетондоо жана механикалаштырылган тазалоо;

* 683 гидротехникалык курулмаларды оңдоо;

* 275 гидрометр постторун оңдоо;

* күнүмдүк жөнгө салуучу 8 бассейнди оңдоо;

* 105 Насостук станцияларды оңдоо;

* 172 насостук агрегаттарды оңдоо жана 23 алмаштыруу.

         Ошондой эле 223,6 км коллектордук-дренаждык тармактарды механикалаштырылган тазалоо жүргүзүлдү, натыйжада 4 472 га сугат жерлеринин мелиоративдик абалы жакшырды.

"Капиталдык ремонттун" титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалаштыруу иштерин суу ресурстары кызматы кийинки жылдары да улантат.

         Ошондой эле 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында суу ресурстары кызматы тарабынан 12 суу чарба объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүүдө жана ушул 2023-жылдын аягына карата 5 суу чарба объектисинде курулуш иштери аяктоодо:

  1. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Шибе-Жекенди" каналынын курулушу – курулуш иштери аяктап, объект пайдаланууга берилүү алдында турат.
  2. Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Сарымсак" каналын реконструкциялоо - курулуш иштери аяктап, объект пайдаланууга берилүү алдында турат. Курулуш иштери Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен жүргүзүлдү.
  3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Р-1 дюкеринин курулушу - курулуш иштери аяктады, объект пайдаланууга берүү стадиясында.
  4. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы "Кызыл-Жар" жана "Жалпак-Тил" каналдарынын курулушу аяктоодо - курулуш иштери аяктап, объект пайдаланууга берилүү алдында турат. Курулуш иштери Кытай Эл Республикасынын эсебинен жүргүзүлдү.
  5. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Суу айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу - курулуш иштери аяктап, объект пайдаланууга берилүү алдында турат.

         Азыркы учурда Баткен облусунан тышкары күзгү-кышкы жана айдоо алдында сугат иштери аяктады. Сугатка суу берүү планы 6074,9 млн.м3 түздү, анын ичинде иш жүзүндө сугатка 5656,3 млн. м3 берилди же пландын 93% ы, бул 170,1 млн. м3 2022-жылга салыштырмалуу көп.

         Гектарополивдердин планы 3872,9 миң гектарды, иш жүзүндө – 3524,2 миң гектарды түзөт.

         Насостук станциялар кийинки вегетация мезгилине даярдануу үчүн бардык насостук агрегаттарды текшерүү максатында 1-мартка чейин алдын алууда. Учурда насостук агрегаттарда кемчиликтер бар.  Бардык электр кыймылдаткычтары кургатууга коюлган. Сугат жерлерин сугаруу үчүн насостук станциялардын сууну сордуруу көлөмү 430,3 миллион кубометрди түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 11,6 миллион кубометрге көп.

Read 56 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…