Некролог — Мурдагы министр жана депутат Жеңишбек Бекболотов
Понедельник, 08 Январь 2024 09:11

Некролог — Мурдагы министр жана депутат Жеңишбек Бекболотов

7-январда узакка созулган оорудан кийин мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов 79 жаш курагында каза болду. Президенттин басма сөз кызматы анын некрологун жарыялады.

Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктап, инженер куруучу-технолог адистигин алган.

Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта катардагы заводдун мастеринен тартып өкмөттүн мүчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейинки узак эмгек жолун басып өткөн.

1986-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Эл депутаттары кеңешинин Ош аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1990-жылдан 1994-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку советинин 12-чакырылышынын “Легендарлуу парламенттин” депутаты болуп шайланган.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба министри кызматын аркалаган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригацияда жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, курулуш, айыл жана суу чарба чөйрөсүндө өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен, анын ичинен “СССР элдеринин достугу” ордени, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери” наамы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын техника жана илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

https://barakelde.org/news:569659/?from=barakelde&place=search&sth=7c1c08074b059dda0f54dce1d4827575

 

Read 45 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…