Некролог-Тимур Рысалиев
Понедельник, 08 Январь 2024 09:49

Некролог-Тимур Рысалиев

Суу чарба тармагы орду толгус жоготууга учурады. Суу ресурстары кызматынын Ирригациялык, мелиоративдик системаларды эксплуатациялоо жана суу пайдалануу башкармалыгынын башчысы Рысалиев Тимур Шамшидинович 46 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Рысалиев Тимур 1977-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин «Гидромелиорация жана жерге жайгаштыруу » факультетин гидротехник адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1993-жылы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жетекчи болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин инженер, суу пайдалануу башкармасынын начальниги, оңдоо-курулуш башкармасынын начальниги болуп иштеген. 2014-жылы Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери кызматына дайындалып, 2019-жылы Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын башкы инженери кызматына  

которулган. 2022-жылдын апрелинен бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын Ирригация, мелиорация системаларын эксплуатациялоо жана суу пайдалануу башкармалыгын жетектеп келген.
​Суу чарба тармагында иштеген мезгилде өзүн чынчыл, так, компетенттүү, тармактын татаал жана актуалдуу маселелерин чечүүгө жөндөмдүү адис катары көрсөттү. Анын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча системалуу түрдө иш алып барчу. Коллективдин уюштуруу маселелерине активдүү катышып, жакшы баарлашып, ага татыктуу кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ болчу.
​Мамлекеттик ирригациялык-мелиоративдик тармактарды, гидротехникалык жана башка курулуштарды аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, суу ресурстарынын уюштуруу-техникалык коромжуларын азайтуу максатында техникалык эксплуатациялоону уюштуруу, мамлекеттер аралык маанидеги суу чарба объекттериндеги иштерге катышчу.
 
Эл аралык донордук уюмдар (Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк ж.б.) тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашырууга түздөн-түз иш алып барчу.
​Ак ниет эмгеги үчүн Рысалиев Тимур Шамшидинович Нарын суу чарба башкы башкармалыгы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, суу чарба жана мелиорация департаменти, «Суу чарбанын отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
Суу ресурстары кызматынын жамааты үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!
«Бозоргон чөлдүн шамалы,
Боздоткон өлүм амалы,
Боору таш жексур ажалдын,
Боздотуу тура талабы.
Болкулдап ыйлап бөк түшүп,
Боздосок кайдан табалы.
Жаш алып сыздап турабыз,
Жаш кары жалпы баарыбыз.
Жазмыштын иши экен го,
Жаннаттан болсун жайыңыз»

 

Read 76 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…