Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга 935,6 млн. сом каржыланып, бөлүнгөн каражатка 675,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 683 гидротехникалык курулмалардын, 275 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 105 насостук станциялардын, 190 насостук агрегаттардын оӊдоо, 37 насостук агрегаттын жаӊылоо, 224,9 км коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.