Ош бассейндик суу чарба башкармалыгы вегетация мезгилине карата даярдыкты баштады. Негизги суу каналдарын топтолгон таштандылардан оор техникалардын жардамы менен тазалоо иши жүргүзүлүүдө. Аталган мекеме апрелден тартып, дыйкандарга сугат сууну бере баштайт.