Анын айтымында, каналга 1-марттан тарта айынан суу берилет. Учурда элдин жардамы менен Кулунду каналынын 29 чакырымына жакыны тазаланган.
«Кулунду каналы жалпысынан 2800 гектардан ашуун жерди сугарып, Козу-Баглан дарыясынан суу алат. Каналдын башталышында секундасына 6 куб суу алсак, жолдогу насостук станцияларды эске алганда каналда секундасына 3,2 куб суу агат. Каналдын жалпы узундугу 43,5 чакырым болсо, анын 32,5 чакырымын ашар жолу менен тазалайбыз. Ар аймакка бөлүнүп берилген. Буйруса 15-февралга бүтүрөбүз. 1-марттан баштап суу беребиз», - деди ал.