Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы жер аянттарын трансформациялоо боюнча жыйын өткөрдү. Анда транформация маселесинде тоскоолдуктарга жол берилбестигин тийиштүү жетекчилерге эскертип, айлап, жылдап жаткан документтерди алга жылдыргыла деген тапшырма берди. Төраганын орун басары андан соң облустун жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияга катышты. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн көрсөткүчтөрү менен бирге кемчиликтери талкууланды.
