Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Көк-Таш айылында 3 жерге жасалма муз тоңдурулду. Бул тууралуу айыл өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Көк-Таш айылында таза суу жана сугат суу көйгөйү бар. Мындан улам декабрь айында 200 миң сом каражат сарпталып, 3 жерге атайын жасалма жол менен муз тоңдурулган. Бирок күн жылуу болгондуктан күтүлгөн көлөмдө муз тоңгон эмес. Учурда бийиктиги 20 метр, туурасы 40 метр аянтка 40-50 см муз тоңгон.
https://www.turmush.kg/news:575502/?from=turmush&place=translate