Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында сугат сууга болгон муктаждыкты чечүү максатында суу сактагыч курулууда. Бул тууралуу райондун акими Баяке уулу Болоткан билдирди.
Анын айтымында, ал ашар жолу менен курулат. Суу сактагыч бүткөрүлсө, 1500 гектар жерге суу жеткирилет.
«Буга чейин райондун Кыргыз-Кыштак аймагында сугат суунун тартыштыгы көйгөй жаратып келген. Бул маселени жоюу максатында сыйымдуулугу 500 миң куб болгон суу сактагыч куруп жатабыз. Суу сактагыч ашар жолу менен курулуп, жакын арада бүткөрүлөт. Буйруса быйылкы жылда бул багытта көйгөй болбойт», - деди ал.
Аталган аймакта жалпысынан 10 миңден ашуун адам жашайт. Эл негизинен дыйканчылык жана мал чарба менен алектенет.
https://www.turmush.kg/news:575557/?from=turmush&place=translate