2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 145,1 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 22 гидротехникалык курулмалардын, 14 насостук станциялардын оңдоо, 2 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 5 суу топтоочу курулмалардын (3 суткалык, 1 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 1 суу сактагычтын) тазалоо иштери аткарылууда.
2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштерди бүтүрүү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2024-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2024-жылдын 10-майына карата белгиленди.