2016-ж. СПАлар сугат мезгили бүткөндөн кийин, дефекттик актыларды түзүштү, андан кийин 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында СПАлар 2017-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча пландар түзүлүп, пландарды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, райондук жана облустук администрация башчылары тарабынан бекитилди.
Ушул түзүлгөн пландардын негизинде, 2017-жылдын 22 – май айына Республика боюнча оӊдоо, тазалоо иштеринин аткарылганы төмөндөгүдөй:
- Сугат каналдардын жалпы узундугу 17 999,0 км түзөт, анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы – 3669,5 км, аткарылганы 3681,6 км.
- Каналдарды механикалык тазалоонун планы – 1534,2 км, аткарылганы – 3572,5 км.
- Каналдарды кол күчү менен жана «Ашар» ыкмасы менен тазалоо планы – 3540,8 км, аткарылганы – 3540,8 км.
- Суу өлчөгүчтөрдүн саны 1065 даананы түзөт, анын ичинен план боюнча – 288 даана, аткарылганы – 289 даана.
- Гидрокурулмалардын саны 20089 даананы түзөт, план боюнча – 3727 даана, аткарылганы – 3745 даана.
СПАлардын каналдарын жана каналдарга тиешелүү болгон курулмаларын
2017- жылдын сугат мезгилине чейинки оңдоого жана тазалоого план боюнча
67576,3 миң сом акча каражаты каралып, аткарылганы 69282,3 миӊ сом.