Чүй районуна суунун деңгээлин өлчөөчү ченегичтерди орнотуу иши уланууда. Алар сугат суунун сарпталышын эффективдүү көзөмөлдөп турууга ылайыкталган. Мындай жабдууну Кыргыз ирригация илим изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан. Учурда пилоттук түрдө иштеп жатат. Эгер жакшы натыйжа берсе, башка аймактарга дагы орнотуу каралууда.
