Президент Садыр Жапаровдун Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу
Пятница, 08 Март 2024 18:52

Президент Садыр Жапаровдун Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ак саамайлуу апалар жана ажарлуу эже-карындаштар!
Асылзат айымдар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Бул күн – Аялзатынын ажары менен адебинин, абийири менен
ар-намысынын, сырткы жамалы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугунун символу. Эзелтен аялзатына өзгөчө мамиле жасап, мээримин төккөн, канатына калкалап, кастарлай билген элдин урпактары катары биз сиздердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыздарды жана коомдогу ордуңуздарды ар дайым урматтап-сыйлайбыз.

Адамзаттын жашоо-турмушундагы бардык окуялар аялзаты менен тыгыз байланыштуу. Мына ошондуктан, тээ илгертен эле элибизде аялзаты үй-бүлөлүк очоктун сакчысы катары терең сый-урматка эгедер. Ага жараша кыргыз аялдары дагы ыйман менен адамдык касиетти бийик көкөлөтүп, абийири менен жамы журттун
ар-намысын сактап келген.

Айымдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл.
Өлкөбүздүн тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, ар кандай социалдык топтордун тынчсызданууларын аныктоого, саясат иштеп чыгууда консультациялык жана биргелешкен мамилени жайылтууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келет. Аялдардын демилгелери, ой-пикир, сунуштары баарыбызды шыктандырып, өлкөбүздүн алдыга карай кадам шилтешине чоң салым кошот деп терең ишенем.

Мына ошондуктан, “2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.

Өлкөбүздөгү ар бир аялзаты: даанышман эне, сүйүктүү жар, күйүмдүү карындаш, жароокер кыз бакубат өмүр сүрсүн!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!
Жаз майрамыңыздар, март майрамыңыздар кут болсун!”

 

Read 28 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…