Жапония Кыргызстанга ирригацияны жакшыртуу үчүн 1 млрд 87 млн жапон иенинде (7,2 млн долларга барабар) грант берет. Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети биринчи окууда жактырды.
Алар аймактар арасында кандай бөлүштүрүлөөрүн жапон тарап чечет. Ал эми бул үчүн алар Кыргызстанга долбоордун консультантын жөнөтүшөт, анын кызматы да Жапония тарабынан төлөнөт.