Кадамжай районунда 4200 гектар жер өздөштүрүлүп, болжолдуу 5-6 айыл пайда болот. Анда 5-6 миң кожолукка турак жай салууга жана соода-өндүрүш ишканаларын курууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Кадамжай районунда 4200 гектар жерди өздөштүрүү багытында иш жүргүзүп жаткан Алгакадам инновациялык долбоору үчүн президенттин фондунан 150 млн сом акча каражаты бөлүнөт. Бул боюнча “Алгакадам” коомдук бирикмесинин төрагасы Асанбай Пазылов билдирди.
Анын айтымында өлкө башчысы Садыр Жапаров 14 - март күнү “Алгакадам” коомдук бирикмесинин жетекчисин жана өкүлдөрүн кабыл алып, өзүнүн президенттик фондунан 150 млн сом каржылап берээрин айтып, биринчи этабында 50 млн сомду бүгүн которуп берген.
“Бизди президент Садыр Жапаров өзү кабыл алып, “Алгакадам” коомдук бирикмесинин демилгесин, инновациялык каналдын курулушун коштоп каржылоо максатында 150 млн сом каржылап берээрин айтып, биринчи траншы 50 млн сомду бүгүн которуп берди. Толугу менен бул шилтемеде https://www.turmush.kg/news:505364