Суу үнөмдөөчү технологияларды ишке ашыруу секторунун башчысы Рысбаев Дүйшөнкул Орунбекович билдирет:
Айыл чарбасында суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштыруу жана сууга жеткиликтүүлүгү чектелген туруктуу түшүмдү камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын киргизүү боюнча Кыргызстанга тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасына керектүү болгон тетиктерди чыгаруу үчүн завод куруу пландаштырылган. Быйылкы жылы заводду куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Бакыт Эргешович менен Туркия Республикасынан «Акплас» компаниясынын башчысы Хусеин Акин ортосунда меморандум түзүлгөн.
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу шартында Кыргыз Республикасынын калкынын жашылча-жемишке болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жогорку түшүм алууга болот.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун келечектүү жана тез өнүгүп жаткан ыкмаларынын бири тамчылатып сугаруу болуп саналат.
Тамчылатып сугаруу - айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун прогрессивдүү жана заманбап ыкмаларынын бири. Тамчылатып сугаруу менен сугат суусу полиэтилен түтүктөрү жана тамчылаткычтар аркылуу өсүмдүктөрдүн тамырына коромжусуз жеткирилет. Тамчылатып сугаруу сугат суусу тартыш аймактарда, эңкейиштерде, тегиз эмес тоо этектериндеги жерлерде, ар кандай климаттык шарттарда, нымдуу жана кургак климаттагы райондордо колдонулушу мүмкүн.
Тамчылатып сугаруунун негизги артыкчылыктары:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20-30% пайызга жогорулатуу;
- сууну 3-5 эсеге үнөмдөө;
- бир жылдык бутактарды жакшы өнүктүрүү, түшүмдүн бышуусун 10-20 күнгө тездетүү.
2024-жылдын эсебинен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу үчүн капиталдык салымдары беренесинен 1млрд (бир миллиард) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу даярдалып, Министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлдү.
Тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга капиталдык чыгымдар сугат өсүмдүктөрүнүн түрүнө жараша 1 гектарга 1,5 миңден 2 миң АКШ долларын түзөт. Азыркы убакта, Республика боюнча 5800 гектар жерди иштетүү пландалып жатат.
Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба жерлерине жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине жогорудагы системаны орнотууда көйгөй жаратууда. Учурда, бул жерлерди айыл өкмөттөр мыйзам чегинде райондук суу чарба башкармалыгына убактылуу иштетип турганга келишим түзүлүүдө. Бирок, мыйзам боюнча ижара акысын төлөп берүү жагы талап кылынууда. Ижара акысын төлөп орнотконго, иш алып барууга райондук суу чарба башкармалыктарына мыйзам жол бербейт. Ошол себептен, ушул көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, министрлик тарабынан мыйзамдуу түрдө чечим чыгарылышы талапка ылайык болууда.
Учурда, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу иштери этап, этап менен жүрөт. Суу чарбасына убактылу бөлүнүп берилген жерлердин контурлары такталып, такталган жер контурларга долбоорлор даярдалып жатат.
1-этап менен 2024-жылдын сентябрь айынан баштап, Республика боюнча 1145,1 га жерге тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу үчүн долбоорлор даярдалууда, акча каражаты чечилген убакта РСЧБсы аркылуу тендер өткөрүү иштери жүргүзүлөт.