Бүгүн, 13-мартта, МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы башкы суу алуучу курулмасын жана “Ак-Өлөң” магистралдык каналын ишке киргизүү иш-чарасына катышты.
"Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо" долбоорунун 1-Лот боюнча иштеринин жыйынтыгы менен 2389 га жаңы сугат жерлери пайдаланууга берилип жана 5724 га сугат жерлерин суу менен камсыздалмакчы. 1-Лот боюнча иштердин жалпы наркы болжол менен 99 млн. юанды түздү.
Бакыт Торобаев өз сөзүндө, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу коңшулук мамилелер мындан ары дагы бекемделерин баса белгилөө менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө достук колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Биз азыр “Ак-Өлөң” каналынын башкы суу алуучу курулмасында турабыз, учурдан пайдаланып Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө достук колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул объекттер Кыргызстандын дыйкандары менен фермерлерине экономикалык жана социалдык жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди Бакыт Торобаев.
Эске салсак, 2017-жылдын 28-июнундагы эки өлкөнүн ортосундагы протоколуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо" долбоору ишке кирген.
Долбоордун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын 6 ирригациялык объектисинин курулуш иштерин аткарууга 214 млн. юань өлчөмүндө грант бөлүнгөн.
№5 темир жол инженердик группалык кытай компаниясы тарабынан 1-Лоттун алкагында 2018-2021-жылдар аралыгында 3 объектинин иштери аяктады:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Р-4вх-1 каналын куруу жана Р-4 каналын кеӊейтүү;
2. Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын айдоо аянтын сугат суу менен касыздоо;
3. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы башкы суу алуучу курулманы жана “Ак-Өлөң” магистралдык каналын реконструкциялоо.