Баткен облустук суу чарба тармагына акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурулууда. Эскилиги жетип, иштен чыккан насостук бекеттерде жаңылоо иштери жүрүп жатат. Дубанда 10 чакты кичи суу сактагычтарды куруу пландалган. Учурда Лейлек районундагы суу сактагычтын курулушу бүтүп берилүү алдында. Ал эми Кадамжай районундагы сыйымдуулугу 1 миллион куб метрлик суу сактагычта иштер кызуу жүрүүдө. Ал курулуп бүтсө, аймакта 1500 гектар аянтка суу берүү жакшырып, анын ичинде 600 гектарга жакын жер жаңыдан өздөштүрүлөт.